Баткен шаарындагы Кызыл-Жол территориалдык башкармалыгында 375 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу Баткен облусунун президентинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.

Курулушту баштоо аземине облустук башкармалыктын башчысы Мамыржан Рахимов, АРИС уюмунун аткаруучу директору Калыбек Жумадылов, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев, облустук жана шаардык мекемелердин өкүлдөрү, коомчулук жана шаардыктардын өкүлдөрү катышты.

Мамыржан Рахимов жаңы мектеп шаардын билим берүү инфраструктурасынын маанилүү бөлүгү болорун баса белгилеп, курулуш иштеринин сапаттуу жана өз убагында бүткөрүлүшүн камсыздоону тапшырды.

Калыбек Жумадылов жаңы мектеп заманбап билим берүү мекемелеринин бири болуп, таланттуу окуучуларды даярдоого өбөлгө түзөрүнө ишенимдүү экенин айтты.

Жаңы мектепте балдарга сапаттуу билим алууга керектүү бардык заманбап шарттарды түзүү пландалууда.