Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна коррупциялык айыптар менен мурдагы ГКНБнын кызматкери К.У.К.га карата кылмыш иши келтирилди. К.У.К. коомчулукта «Вазелин» каймана аты менен белгилүү.

Ага каршы сот процессинин биринчи отуруму 17-августта өтөөрү аныкталды. Азыркы учурда К.У.К. СИЗО-1де кармалып турат.

Мурда ал милицияда иштеп, анын аты социалдык тармактарда мурдагы УГКНБнын Бишкек башчысы Эльдар Жакыпбековдун «40 чоро» тизмесинде да көрсөтүлгөн.