Жогорку Кеңештин депутаты Чынгыз Ажибаев парламенттын жыйынында Баткен облусунун Лейлек районундагы «Кайрагач» өткөрүү пунктун эл аралык статус менен камсыздоо керектигин айтты. Анын айтымында, учурда бул пункт эки тараптуу статус менен иштегендиктен, андан Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары гана өтө алышат, ал эми үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары үчүн мүмкүнчүлүк чектелген.

Депутат Президент Садыр Жапаровдун Лейлек районуна болгон сапары учурунда жергиликтүү тургундардын өткөрүү пунктуна эл аралык статус берүү боюнча сунуштарын эске салды. Ошол учурда мамлекет башчысы Чек ара кызматынын жетекчилигине бул маселени иштеп чыгууну тапшырган болчу, бирок тиешелүү иштер али баштала электигин белгиледи.

Мындан тышкары, «Кайрагач» өткөрүү пунктунда мобилдик байланыштын начардыгы Бажы кызматынын онлайн системасынын иштешине тоскоолдук жаратууда. Унааларды каттоо үчүн жарандар алдын ала электрондук билдирме толтурушу керек, бирок байланыш жоктугунан мурда кабыл алуу мүмкүн болбой жатат.

Эгерде өткөрүү пунктунун өзүндө байланыш жок болсо, Бажы кызматынын иши иш жүзүндө токтоп калат.
Чынгыз Ажибаев

Ажибаев жаз айларында районго барганда өткөрүү пунктунда бир нече километр узун кезек пайда болгонун айтты. Бул мобилдик байланыштын үзгүлтүккө учурашынан улам адамдар зарыл болгон процедураларды бүтүрө албагандыгынан келип чыккан. Ошондой эле, узак кезекте турган унаалар мектеп окуучуларына жана өзгөчө кырдаалдар учурунда чоң коркунуч туудурушу мүмкүн экенин кошумчалады.