АйылЭскерүүлөр: 5

Баткен облусунда президент Садыр Жапаров менен элдин жолугушуусунда көтөрүлгөн маселелердин аткарылышы боюнча текшерүү иштери жүргүзүлдү. Облус башчысы Мамыржан Рахимов Кадамжай жана Баткен райондоруна барып, жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрү менен жеринен таанышты.

Баткен облусунда кыргыз милициясынын 102 жылдык мааракесине карата ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн курулган тогуз жаңы объекттин ачылышы онлайн форматта өттү. Иш-чарага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров катышты.

Баткен районунун Ак-Турпак айылынын тургуну Абдилат Исаков президент Садыр Жапаровго Кожошкен дарыясынын аймагында кум-шагыл казууга уруксат алууга жардам сурап кайрылды. Ишкер 2014-жылдан бери документтерди тактоодо административдик тоскоолдуктарга учурап келет. Президент тиешелүү ведомствого кырдаалды изилдеп, ашыкча бюрократияны жоюуну тапшырды.

Кадамжай районуна караштуу Ак-Турпак айыл аймагында тургундардын кайрылуулары боюнча жеринде кабыл алуу өткөрүлүп, айрым маселелер учурда эле чечилди. Бул иш-чараны Баткен облусунун вице-губернатору Абдирашит Ташбалтаев жетектеди.
Бул баракта жазылгандан көбүрөөк билесизби? Толуктоо сунуштаңыз — жарыялаганга чейин текшерүүдөн өтөт.

Maalymat сайтында бизнес-профиль
Каталогдо 2 307 компания бар. Ордуңузду ээлеңиз.
Профиль түзүүКырлар — бир сюжеттин ичиндеги биргелешкен эскерүүлөр. Профилди ачуу үчүн түйүндү басыңыз.