АКШ жана Улуу Британия Лондондо эл аралык коалиция түзүү боюнча жогорку деңгээлдеги жолугушуу өткөрүүнү пландап жатышат. Бул коалициянын негизги максаты — Ормуз кысыгында кеме каттамынын коопсуздугун камсыздоо. Бул тууралуу европалык дипломаттарга жана башка булактарга шилтеме берип Axios билдирди.
Ак үйдүн өкүлү Вашингтон менен Лондон келерки аптада конференция өткөрүү ниетин ырастады. Учурда жолугушуунун так датасы жана катышуучулардын курамы так аныктала элек.
Басылманын маалыматына караганда, жолугушууга батыш өлкөлөрүнүн жана аймактагы мамлекеттердин коргоо министрлери менен жогорку даражалуу аскер башчылары катышышы мүмкүн.
АКШ союздаштары Ормуз кысыгына мина тазалоочу кемелерди, аскер-деңиз кемелерин жана учкучсуз аппараттарды жөнөтүшөт деп күтөт. Бул күчтөр соода жолдорунун коопсуздугун камсыздоо үчүн колдонулат.
Эл аралык деңиз миссиясына катышуунун шарттарынын бири катары бир катар мамлекеттер кысыктагы согуштук аракеттерди токтотууну жана жээктеги аймакта коопсуздукту камсыздоону аташууда.
Ормуз кысыгы аркылуу коммерциялык кеме каттамын жандандыруу АКШнын Иран менен болгон согуштан чыгуу жана дүйнөлүк энергетикалык рынокторду турукташтыруу стратегиясынын негизги элементтеринин бири катары каралууда.
Иран кысыкта кемелерге эки жумадай мурун кол сала баштаган. Буга жооп катары АКШ күн сайын Ирандын өлкөнүн түштүк жээгиндеги аскердик объектилерине сокку урган.
Акыркы төрт күндө соода кемелерине жаңы чабуулдар катталган жок. Пентагондун айрым өкүлдөрү муну Ирандын кысык аймагындагы аскердик потенциалынын олуттуу бөлүгүн жок кылуу менен байланыштырышат.





