Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Digitec форумунда «Эл аралык тынчтык жана гүлдөп өсүү үчүн Трамп маршруту» (TRIPP) долбоорун баштоону жарыялады.
Бул долбоордун негизги багыттарынын бири электр энергиясын өткөрүү болуп саналат. Пашиняндын айтымында, өлкөнүн электр тармагы Түркия жана Азербайжан менен бириктирилет. Учурда Армения Иран жана Грузия менен байланышта экенин белгилеп, энергияны өткөрүүнү натыйжалуу кылуу үчүн каражаттар жумшалып жатканын кошумчалады.
TRIPP долбоорунун алкагында автожол, темир жол жана энергетикалык инфраструктура курулат. Маршрут Азербайжандын негизги аймагын Армениянын аймагы аркылуу 42 километрдик жол менен Нахичеван автономдуу республикасы — эксклавы жана андан ары Түркия менен байланыштырат.
- 2025-жылдын август айы — Вашингтонда Дональд Трамп, Никол Пашинян жана Ильхам Алиевдин ортосундагы жолугушуу өтүп, маршрут түзүү боюнча макулдашууларга кол коюлган
Ошондой эле, премьер-министр декабрь айында Россия менен мамилелерди сактоо жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында үч жолу Россияга баруу пландаштырылганын билдирди.
Декабрь айында мен РФга үч жолу барам: 3-декабрда, 11-декабрда жана 22-декабрда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн өлкөгө барып турам. Ошондой эле, Россия менен болгон мамилебизде достук маанайды сактай алабыз деп үмүттөнөм.











