Ош шаарында ВИЧ менен жабыркаган балдардын энелери облусунун балдар ооруканасынын алдында нааразылык акциясын өткөрүштү. Бир кыйла убакыт мурун бул мекемеде балдарга ВИЧ жугуп калган.

Акцияга болжол менен 50 аял маска тагынып, плакаттар менен келишкен. Плакаттарда алар өз талаптарын билдиришти.

Алар соцкомпенсация катары ай сайын берилген 6600 сомдун дары-дармек алууга жетпей турганын айтып, социалдык колдоону күчөтүүнү талап кылышууда.

Энелер президент Садыр Жапаровдун акцияга көңүл буруп, алар менен жеке жолугушуу өткөрүшүн каалашат.

Бул аялдардын бийликке биринчи кайрылуусу эмес. Алар мурун да президент менен жолугушууну суранган.

Ош облусунда 400гө жакын бала ВИЧ инфекциясын жугузуп, алардын 40ы каза болгон.

2007-жылы Ош облусунун ооруканаларында балдар арасында массалык ВИЧ жугушу фактысы аныкталган. Ошондо тогуз медицина кызматкери жоопкерчиликке тартылган.

2025-жылга карата илдетке чалдыккандардын саны 405ке жетти.