Текшерүүнүн жүрүшүндө Бакай-Ата районунун прокуратурасы Талас аймактык башкармалыгынын аңчылык күбөлүгүн мыйзамсыз бергенин тактады. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Документ ошол убакта Орусияда жүргөн жаранга берилген. Ал аңчылык минимум боюнча сынак тапшырган эмес, бирок ага карабастан мамлекеттик күбөлүк расмий катталган.
Аталган күбөлүктүн негизинде райондук ички иштер органдарынан ок атуучу куралды сактоого жана колдонууга уруксат алынган. Кийинчерээк бир даана курал аныкталбаган адамдардын колуна өтүп кеткени белгилүү болду.
Кылмыш иши козголду
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен кылмыш иши козголду
Азыркы тапта Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө тергөө иштери уланууда. Бул иш боюнча кошумча маалымат бериле элек.











