Жаңы курулуш объекти үч кабаттуу болот жана анын жалпы аянты 4 775,35 м² түзөт. Имараттын ичинде окуу кабинеттери, спорттук жана акт залы, ошондой эле башка зарыл болгон бөлмөлөр жайгашат.
Мектептин жанындагы аймак комплекстүү жакшыртуу иштеринен өтөт. Ал жерде мини-футбол талаасы, баскетбол жана волейбол аянтчалары, ошондой эле воркаут зонасы курулат.
Учурда курулуш иштери активдүү жүрүп жатат: катрык коюу иштери аяктап, бетондун негизин жаюу процесси жүрүүдө. Курулуш иштерин «Гипер Строй» ЖЧКсы жүзөгө ашырууда.








