Министр Аяз Баетовдун айтымында, Кытай жарандары Кыргызстанга виза аркылуу келишет жана алардын виза мөөнөтү аяктагандан кийин өлкөдөн чыгып кетишет. Бардык миграциялык процесстер мамлекеттин толук көзөмөлүндө.
Ал Чек ара кызматынын статистикасын мисал келтирип, Кыргызстанга кирген жана чыккан жарандардын саны боюнча Кытай жарандары бешинчи орунда турарын белгиледи. Биринчи төрт орунду алыскы чет өлкөлөрдүн, Өзбекстандын, Казакстандын жана Орусиянын жарандары ээлейт.
Мамлекеттик тышкы карыз маселеси
Министр Баетов тышкы карыз маселесине да токтолду. Алмазбек Атамбаев президент болуп турган маалда Кытайдан 1 миллиард 796 миллион 853,5 миң доллар насыя алынганын эскерди.
Кытайга карыз






