Бишкек шаарында 2014–2015-жылдары туулган балдар үчүн шаардык жаздык спартакиаданын экинчи этабы башталды. Бул турнирге биринчи этаптан ийгиликтүү өтүп келген команда катышууда.
Мелдештерде Бишкектин төрт районунун муниципалдык аймактык башкармалыктарынын командалары күч сынашат.
Спартакиаданын негизги максаты — балдардын спортто активдүү болушун камсыз кылуу, келечектеги мыкты спортсмендерди аныктоо жана шаардагы спорт инструкторлорунун ишин жакшыртуу болуп эсептелет.
- Мини-футбол
- Чүкө
- Эстафета
- Аркан тартыш
- Пионербол
- Шашки
- Дартс
Бул жаздык спартакиада үч этапка бөлүнүп өткөрүлөт. Райондор аралык мелдештерден кийин атаандаштар шаардык финалда 21-июлдан 28-июлга чейин күч сынашат.
Спартакиаданы уюштуруучу — Бишкек мэриясынын Физикалык культура жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти.











