Быйыл райондун аймагында 14 өрт катталды. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 учурга азайды — былтыр 17 өрт катталган.
Өрттөрдүн саны азайганына карабастан, материалдык чыгым көлөмү олуттуу бойдон калууда. Быйыл катталган чыгымдын суммасы 5 млн 378 миң 819 сомду түзсө, былтыр бул көрсөткүч 9 млн 136 миң 341 сомго жеткен.
Фуралардын өртү чыгымды көбөйтүүдө
Бөлүм башчысы олуттуу чыгымды Кытайдан келген транзиттик жүк ташуучу унаалар менен байланыштырды.
Чоң чыгым фуралар менен байланыштуу. Быйыл эле оор жүк ташуучу унааларда 5 өрт болду. Кытайдан келе жаткан фуралар көп учурда аварияга учурашат. Негизги себептер — дөңгөлөктөрдүн өзүнөн өзү тормоздолушу жана электр өткөргүчтөрүнүн бузулушу. Ошондуктан чыгым чоң болуп жатат.
Куткаруучулардын чакырыктары көбөйдү
Акыркы убакта куткаруучулардын чакырыктары, өзгөчө Көл-Суу аймагында, көбөйдү. Алар негизинен төмөнкү кырдаалдарга байланыштуу:
- Аттан кулап түшүү. Туристтер атка мингенде ат чочулап, адамдар аттан кулап ар кандай жаракат алышат.
- Туристтик компаниялардын жоопкерсиздиги. Жеке менчик компаниялар туристтердин коопсуздугуна тийиштүү деңгээлде көңүл бурбай жатышат.










