Кыргызстанда 2026-жылдын башынан бери ар кандай кырсыктардын натыйжасында 302 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Министрдин айтымында, кырсыктардын жалпы саны өткөн жылга караганда азайганга карабастан, каза болгондордун саны 24 адамга көбөйгөн. 2026-жылдын 15-ноябрына карата катталган кырсыктардан келген материалдык чыгым 1 миллиард 269 миллион сомду түздү.

2025-жыл → 2026-жыл

  • Кырсыктардын саны: 3816 → 3649 (▼ −4,4%)
  • Каза болгондор: 278 → 302 (▲ +8,6%)
  • Материалдык чыгым (млн сом): 1735 → 1269 (▼ −27%)

Өзгөчө кырдаалдар жана өрттөр

Өлкөдө катталган өзгөчө кырдаалдардын санына токтоло кетсек, бул жылдын башынан бери 42 жолу болгон, анда 42 адам каза болгон. Өткөн жылдын ушул мезгилинде 14 өзгөчө кырдаал катталып, 32 адам каза болгон болчу.

Өрттөр боюнча көрсөткүчтөр

2709өрттөр
22өрттөн каза болгондор
1.213 млрдөрттүн чыгымы (сом)

Өрттөр боюнча кырдаал өттүгү жагынан жакшырып жатат: өрттөрдүн саны өткөн жылга караганда 509 учурга азайды. Өрт учурунда каза болгондордун саны да 46 адамдан 22 адамга чейин төмөндөгөн.