Жалал-Абад облусунда быйылкы 7 айда 182 өрт катталды. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 39%га азайды.

Облус боюнча өрттөн улам 2 адам каза болду, ал эми өткөн жылы бул сан 8 адамды түзгөн.

Материалдык чыгымдар 44 млн 270 миң 660 сомду түзсө, өрт өчүрүүчү кызматтардын чабалдыгы менен 103 млн 155 миң сомдук баалуулуктар сакталып калды.

Өрттөрдүн эң көп учурлары Манас шаарында, ошондой эле Базар-Коргон жана Сузак райондорунда катталган.