Нарын облусунун ИИМ басма сөз кызматынын билдирүүсүнө таянсак, 18-ноябрь күнү Мин-Булак айыл аймагында жол кырсыгынын алдын алуу үчүн текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн Оттук айылдык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмү менен биргеликте рейд өткөрүштөн кийин жол боюнда күзөтсүз калтырылган малдарды аныкташкан.
Табылган малдын саны
Милиция кызматкерлери мал ээлери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жаныбарларды, өзгөчө түнкү убакта, күзөтсүз калтырбоо керектигин айтышкан. Ошондой эле жол кырсыктарын болтурбоо үчүн малга жарык чагыткыч ленталарды байлоо боюнча сунуштар берилген.












