Мал чарбачылыгын колдоо жана асыл тукум малдардын санын көбөйтүү үчүн мамлекет тарабынан жыл аягына чейин 3 пайыздык үстөк чен менен кошумча 271 миллион сом жеңилдетилген насыя бөлүндү.

Бул каражаттар асыл тукум малдарды өстүрүүгө жана сатып алууга багытталган. Насыя ири мүйүздүү мал, жылкы, кой жана эчкинин бекитилген асыл тукум породаларын өстүрүү үчүн берилет.

271 000 000 сом жеңилдетилген насыя

Асыл тукум мал чарбачылыгын колдоо үчүн бөлүнгөн сумма

Насыя каражаттары «АБанк» жана «Элдик Банк» аркылуу берилет. Насыя алуу үчүн жарандар онлайн форматта да арыз калтыра алышат. Ал үчүн IDYIKAN тиркемесин жүктөп, «Түндүк» аркылуу кирүү зарыл. Андан соң «Кызматтар» бөлүмүнөн «Агрокредиттөө» багытын тандап, электрондук арызды толтуруп жөнөтүү керек.

Мамлекеттик колдоо төмөнкү категорияларга жеткиликтүү: асыл тукум заводдорго, фермаларга, мал импорттоочуларга, техник-осеменаторлорго, фермердик чарбаларга жана жеке ишкерлерге.

Насыянын шарттары жана талаптары боюнча кенен маалыматты Айыл чарба министрлигинин 1210 Агро-колл байланыш борборунан, ошондой эле «АБанк» жана «Элдик Банк» мекемелеринен алууга болот.