Кыргызстанда мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардамды көрсөтүү тартибин кеңейтүү пландалууда. Бул өзгөрүүлөр региондо жашаган жарандар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү көбөйтөт. Эми алар кылмыш иштеринен тышкары, жер талаштары жана кыймылсыз мүлк маселелери боюнча да акысыз адвокаттык кызматтарды ала алышат.

Аталган комплекстүү өзгөрүүлөрдү Юстиция министрлиги президент Садыр Жапаровдун эл менен жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча берген тапшырмасын аткаруу максатында демилгелеп жатат. Реформа төрт негизги багыт боюнча жүргүзүлөт.

Координаторлор райондук жана облустук администрацияларда иштейт

Юстиция министрлиги Юридикалык жардам кызматынын (ЮЖК) аймактык бөлүмдөрүнүн иштөө тартибин кайра карап чыгууда. Учурдагы штаттын алкагында координаторлорду түздөн-түз облустук жана райондук мамлекеттик администрациялардын имараттарына жайгаштыруу пландалууда.

Координаторлорду бөлүштүрүүдө калктын саны, калктуу конуштардын алыстыгы жана жарандардын кайрылуулардын саны эске алынат. Алар жергиликтүү жерде жарандарга кеңеш берип, арыздарды кабыл алып, кароого жана акысыз адвокаттарды дайындоо маселелерин чечүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Кызматкерлердин штатын көбөйтүү

Министрлик учурдагы кызматкерлердин саны бардык райондордо жана шаарларда координаторлордун туруктуу иштеши үчүн жетишсиз экенин белгилейт. Ошондуктан Юридикалык жардам кызматынын штатын көбөйтүп, кошумча кызматкерлерди региондорго жөнөтүү пландалууда. Бул жарандардын өзүнүн жашаган жеринде туруктуу кабыл алуусун камсыз кылат.