Суур суулардын ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, «Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбоорунун алкагында азыркы учурда 2 074 субъектке жалпысынан 6 миллиард сомго жакын жеңилдетилген кредит берилди. Ноябрь айына карата берилген каражаттын көлөмү 5 миллиард 999 миллион 240 миң 714 сомду түзөт.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, тукум кудусун жакшыртуу жана фермерлерди колдоо максатында 1 миллиард 232 миллион сом каражат 3% менен жеңилдетилген кредит катары бөлүндү. Буга кошумча катары дагы болжол менен 270 миллион сом бөлүп берүү боюнча чечим жакын арада кабыл алынат.

200+фермерлер
1,232,000,000сом (бөлүндү)
270,000,000сом (пландалууда)

Министрликтин мал чарбасы жана ветеринария башкармалыгынын башчысы Мыктыбек Каландаровдын айтымында, кредиттер тукум кудусун жакшыртуучу чарбаларга, чет өлкөдөн мал алып келүүнү каалаган жарандарга, жаңы баштаган фермерлерге жана жасалма уруктандыруу үчүн жабдык сатып алуучуларга берилүүдө. Кредиттер «АБанк» жана «Элдик Банк» ААК аркылуу берилет.

Долбоордун алкагында мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү пландалууда. Эгерде башында негизги гана уй чарбасына басым жасалса, фермерлердин сунушу менен кой, эчки, яка жана жылкы чарбасын өнүктүрүү багыттары да кошулду.

Келечектеги пландар

Мамлекет 2027-жылга чейин мал чарбасын өнүктүрүүгө түздөн-түз 7 миллиард сом бөлүүнү пландап жатат. Бул каражат төрт негизги багыт боюнча бөлүштүрүлөт:

  • тукум кудусун жакшыртуучу мал сатып алуу
  • мал этүү (откор)
  • жасалма уруктандыруу үчүн жабдыктарды алуу
  • уйканаларды куруу