2027-жылдагы президенттик шайлоого катышууну каалаган талапкерлерди колдоо үчүн 227 миңден ашык шайлоочунун колу коюлган. Электрондук системадагы маалыматтарга таянсак, кол коюулардын 68 пайызы эркектер тарабынан, ал эми 32 пайызы аялдар тарабынан берилген.

68%эркектер
32%аялдар

Шайлоочулардын жаш кураты

Кол коюу процессинде жаштардын активдүүлүгү жогору экени байкалууда. Шайлоочулардын жаз кураты боюнча төмөнкүдөй көрсөткүчтөр катталган:

Шайлоочулардын жаш кураты боюнча бөлүштүрүү

  • 19-35 жаш — 56,4 пайыз
  • 36-45 жаш — 19,5 пайыз
  • Башкалар — 24,1 пайыз

электрондук система

Талапкерлердин абалы

Учурда шайлоого катышууну каалаган 11 талапкер бар. Мыйзамга ылайык, каттоодон өтүү үчүн кеминде 30 миң кол чогултуу зарыл, ал эми максималдуу көрсөткүч 60 миңди түзөт. Кол коюуну учурдагы президент Садыр Жапаров жана өз алдынча талапкер Сыймык Жапыкеев бүтүрүштү. Башка талапкерлердин кол коюулары 4,2 миңден 29,5 миңге чейинки аралыкты түзүүдө.

  • 8-декабрь — Кол коюу процессинин аякташы