Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов Омурбек Суваналиевдин «Кыргызтест» мекемесиндеги тестирлөөдөн өтүүдө айрым талапкерлерге көмөк көрсөтүлөт деген айткандарын четке кагып койду. Анын айтымында, Садыр Жапаров саясий күчтөрдүн өкүлдөрү менен талапкерлерди тестирлөө маселесин талкуулаган, бирок эч кимге экзаменди тапшырууга жардам берүү боюнча тапшырма берген эмес.

Алагозов мыйзам боюнча тестти чектелбеген сандагы ирет тапшырууга мүмкүн экенин белгиледи. Ал башка талапкерлердин ийгилиги алардын өз билими менен аракеттеринин натыйжасы экенин баса белгиледи.

Мисал катары Аскат Алагозов Дастан Кадыровдун окуясын келтирди. Кадыров тестти биринчи жолу тапшыра албай, экинчи аракеттен кийин ийгиликтүү өткөн, бирок сертификатты өз убагында ала албагандыгы үчүн шайлоого документ тапшыруу мүмкүнчүлүгбүнөн айрылган.

Ошондой эле президенттин бардык талапкерлер үчүн бирдей шарттарды камсыз кылууну колдой турганы айтылды. Шайлоо кампаниясынын учурунда саясий билдирүүлөрдүн артында белгилүү бир кызыкчылыктар турушу мүмкүн экенин эске алуу маанилүү экени белгиленди.