Арашандан Чункурчакка чейинки жолдо асфальттын биринчи 7 сантиметрлик катмары бүтүндөй узундукта төшөлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Транспорт жана байланыш министрлиги кабарлады.

Жолду калыбына келтирүү долбооруна ылайык, биринчи катмар катары төгүлгөн асфальттын үстүнө дагы 5 сантиметрлик экинчи катмар төшөлөт.

Андан тышкары, жолду бекемдөө үчүн сайма дубалдар жана суу өткөрүү түтүктөрү толугу менен курулуп бүттү. Коопсуздукту жогорулатуу максатында жолдун 60% металл тосмолор менен жабдылса, жол белгилеринин 80% жакыны орнотулган.

Жолдун узундугу 20 чакырым 731 метрди түзөт жана эки көпүрө толугу менен курулган.

Транспорт министрлиги бул долбоор туристтик аймактарга жетүү мүмкүнчүлүгүн жакшыртып, жол кыймылынын коопсуздугун арттыра турганын белгиледи. Ошондой эле, жумуштар тынымсыз көзөмөлдө экенин кошумчалашты.