28-ноябрда Ала-Арча жаратылыш паркында тоодо адашып калган 17 жаштагы өспүрүмдү куткаруу иштери ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, саат 18:59да ӨКМдин 112 кызматына 2009-жылы туулган Т.Ю. аттуу өспүрүмдүн тоодо адашып калганы тууралуу билдирүү түшкөн. Байланыш аркылуу анын Комсомолец чокусуна баруучу жолдогу «Тепши» чекитинен жогору аймакта экени аныкталган.
Куткаруучулар издөө иштерин тез арада баштап, бир нече сааттын ичинде өспүрүмгө жетишкен.
Куткаруу иштеринин натыйжасында өспүрүм базага аман-эсен түшүрүлүп, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Анын ден соолугу канааттандырарлык абалда, медициналык жардамга муктаж болгон эмес.





