Sputnik Кыргызстандын билдирүүсү боюнча, Владимир Зеленский маалымат каражаттарына маанилүү инфраструктура объекттеринин бузулушунун кесепеттери тууралуу маалыматтарды жарыялоого тыюу салган жарлыкка кол койду.
Документке ылайык, Министрлер кабинети бузулуулардын натыйжалары жана объекттерди калыбына келтирүү мөөнөттөрү жөнүндө маалыматтарды жарыялоодон тыюу салуу үчүн кечиктирилгис чараларды көрүшү керек.
Бул чектөөлөр энергетика жана калктын жашоосун камсыздоо объекттеринде коргоо курулмаларын куруунун этаптары жана алардын абалы тууралуу маалыматтарды да камтыйт.
Документтен
Министрлер кабинети бузулуулардын кесепеттери жана объекттерди калыбына келтирүү мөөнөттөрү жөнүндө маалыматтарды жарыялоодон тыюу салуу үчүн кечиктирилгис чараларды көрүшү керек.
Ошол эле учурда, Россиянын президенти Владимир Путин Москва Украинанын экономикасына зыян келтирүү максатын жарыялагандан кийин, эки назначениялуу маанилүү объекттерге сокку уруу менен жооп берип жатканын билдирген. Россиянын Коргоо министрлиги болсо россиялык аскерлер Украинанын куралдуу күчтөрүнүн кызыкчылыгы үчүн колдонулган энергетикалык, отун жана транспорттук инфраструктура объекттерине сокку уруп жатканын маалымдаган.













