Кыргызстанда туризм акыркы жылдары туруктуу өсүүдө. Эгер 2020–2021-жылдары өлкөгө жыл сайын 2–3 миллион гана турист келсе, азыр бул көрсөткүч 13 миллион адамга чейин жетти.

Президент Садыр Жапаровдун айтымында, бул көрсөткүч экономиканын өсүшүн тастыктайт жана өлкөнүн дүйнөлүк туризм рыногундагы таасирин күчөтөт.

Кыргызстандын калкы болжол менен 7 миллиондой болуп, туристтердин саны калктын санынан эки эсе көп. Бул туризмдин экономикалык өсүштөгү ролун жана ВВПнын 4–5% ын камсыз кылган маанилүү фактор экенин билдирет.

Жапаров биздин өлкөгө келген туристтерди таанытып, ар бир конокко урмат менен мамиле кылууну өтүндү. Ар бир турист өлкөнүн экономикасына салым кошо тургандыгын белгиледи.

Баалуу табигый байлыктар убакыт менен түгөнүп калышы ыктымал, бирок туризм өлкөнүн туруктуу киреше булагына айланат. Ошондуктан, ал туризмди өнүктүрүү боюнча гид сыяктуу кесиптерди үйрөнүү сунушун берди.