12-августта Вашингтондо Борбордук Азия жана Азербайжан мамлекет башчыларынын Чолпон-Атадагы неформалдуу Консультативдик жолугушуусунун жыйынтыктары боюнча эксперттик жыйын өткөрүлдү.

Бул иш-чараны Caspian Policy Center уюштурду. Ага эксперттик коомчулук өкүлдөрү, дипломаттар жана жолугушууга катышкан мамлекеттердин элчиликтеринин кызматкерлеринин катышканы маалымдалды.

Иш-чара катышуучулары Чолпон-Ата саммити АКШда чоң кызыгууну жаратканын белгилешти. Алардын ою боюнча, жолугушуу аймактагы өлкөлөрдү жакындашууга, ишенимди бекемдөөгө, соода жана транспорттук байланыштарды өнүктүрүүгө шарт түзөт.

Саммиттин жыйынтыгында Чолпон-Ата декларациясы кабыл алынды.

Андан тышкары, катышуучулар соңку жылдардагы региондук кызматташуунун өнүгүүсүн да талкуулады. Атап айтканда, 2022-жылдын июль айында президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Чолпон-Атада өткөн беш Борбордук Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин маанилүү жолугушуусу белгиленди.

Кыргызстандын экономикадагы өзгөрүүлөрү менен коңшу өлкөлөр менен мамилелерин чыңдоосу да позитивдүү бааланган.

Мындан сырткары, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин мамлекеттик визити учурунда Кыргызстан менен кол коюлган союздук мамилелер жөнүндө келишимге өзгөчө көңүл бурулду.

Кыргызстандын АКШдагы элчиси Эдиль Байсалов да талкууга катышты.