Кыргызстандын АКШдагы элчиси Эдиль Байсалов Филадельфияда өткөн беттештен кийин спортчу Мыктыбек Оролбай уулу менен жолугушту.

Спортчуну жана анын командасын кыргыз дасторконуна чакырып, алардын эмгегин таануу иш-чарасын уюштурушту.

Бул жолугушууда Элчи Байсалов кыргыз элчилиги чыгарган 2026-жылы АКШнын 250 жылдыгы жана Кыргыз Республикасынын 35 жылдыгына арналган эскерүү медалын тапшырды.

Элчи Мыктыбекке Кыргызстандын кадыр-баркын дүйнөгө жайылтуудагы салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

"Ар бир беттеш аркылуу, эрдик жана жеңүүгө болгон ынтызарлык менен миллиондогон америкалыктар жана дүйнө жүзүндөгү жүз миллиондогон адамдар Кыргызстанды тааныйт", - деди Байсалов.
Эдиль Байсалов, Кыргызстандын АКШдагы элчиси