Турмуштук оор кырдаалдагы балдар үчүн «Акниет» борборунун тарбиялануучулары адистер менен биргеликте белгилүү скульптор Ольга Мануйлованын эстелик үй-музейине саякат кылышты. Бул иш-чара балдардын дүйнө таанымын кеңейтүү жана аларды маданий баалуулуктарды кадырлоого үйрөтүү үчүн өткөрүлдү.
Музейдин экспонаттары менен таанышкан балдар Ольга Мануйлованын чыгармачылык жолу, анын эмгектери жана искусствонун өнүгүшүнө кошкон салымы тууралуу кызыктуу маалыматтарды алышты. Экскурсия учурунда өзгөчө көңүл байкаган темалардын бири — түрк элдеринин тарыхый мурасы болуп саналган байыркы балбалдар болду.
Балдар бул таш айкелдердин тарыхый жана маданий мааниси тууралуу маалымат алышты. Мындай иш-чаралар балдардын тарыхка болгон кызыгуусун арттырып, искусство дүйнөсүн ачууга жардам берет деп белгиленди.







