Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, Анкарадагы Түрк мамлекеттер уюмунун цивилизация паркы «Бештепеде» Кыргызстан тарабынан жасалган «Мураскер» скульптурасы орнотулду.

Скульптуралык композиция атасынын ишин уланткан — бүркүт менен аңчылык кылуу өнөрүн өздөштүргөн жаш мергенчинин образын ачып берет.
Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы

Скульптуралык композиция атасынын ишин уланткан — бүркүт менен аңчылык кылуу өнөрүн өздөштүргөн жаш мергенчинин образын ачып берет. Бул кыргыз элинин көчмөн салтындагы муундан муунга өтүп келе жаткан байлыкты жана улуулукту чагылдырат.

Композицияда көчмөн салттын негизги элементтери бириктирилген: бүркүт — рухий бийиктиктин жана эркиндиктин белгиси, тайган — талаа мергенчисинин ишенимдүү шериги, ал эми жаа — чеберчиликтин жана ички сабырдуулуктун символу.

«Бештепе» — түрк элдеринин мурасы

«Бештепе» паркы конокторду түрк элдеринин маданий жана тарыхый мурасы менен тааныштырат. Андагы көркөм чыгармалар жана улуттук объектилер Түрк мамлекеттер уюмуна кирген өлкөлөрдүн өзгөчөлүгүн, салттарын жана маданий көп түрдүүлүгүн чагылдырат.