Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Кара-Бургон айыл аймагында көп жылдан бери ташталган дан складын имараты кайрадан пайдаланууга берилди. Бул объектти калыбына келтирүү үчүн райондук өнүктүрүү фондунун колдоосу менен каражат бөлүнгөн.
Айыл өкмөтүнүн башчысы Кудайберген Руслановдун айтымында, Союз тарараптан кийин бул склад колдонуудан чыгып, убактылуу ташталган жана уурдалган. Фермерлерди дан өсүмдүктөрүнүн үрөнү менен камсыз кылуу максатында, аталган объектти калыбына келтирүү боюнча долбоор райондук өнүктүрүү фондуна сунушталган жана ал жактырылган.
Имараттын оңдоо иштерин «Чынгыз Интернэшнл Групп» ЖЧКсы аткарган. Жаңыланган объектте дан тазалоочу машина да орнотулат.
Аталган курулуш иштерин жүзөгө ашырган «Чынгыз Интернэшнл Групп» ЖЧКсы 2019-жылдын 1-февралында кайра каттоодон өткөн, анын ишмердүүлүгү курулуш-монтаждоо иштерин камтыйт.






















