Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн мугалимдердин даярдыгына чоң көңүл бурулууда. Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн адистеринин айтымында, мугалимдердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу — негизги багыттардын бири.
Квалификацияны жогорулатуу боюнча пландалган көрсөткүч ашып түштү. Алдыдагы окуу жылына карата 171 мугалимди окутуу пландалган болсо, иш жүзүндө 195 педагог окутуудан өттү. Ошондой эле, «Алтын Казык» программасынын алкагында Билим берүү министрлиги тарабынан райондогу 536 мугалим ноутбуктар менен камсыз кылынды.
Жаңы программалар жана окуунун натыйжалуулугу
Жаңы окуу жылынын башында математика, физика, химия, биология, англис тили жана башталгыч класс мугалимдери үчүн кошумча окутуулар уюштурулду. Бул чаралар жаңы методикаларды өздөштүрүүгө багытталган. Азыркы учурда райондо 12 жылдык билим берүү системасына өтүү боюнча даярдык иштери жүрүп жатат.
Окуучулардын жетишкендиктери да жогору. Мисалы, республикалык предметтик олимпиаданын «кыргыз тили жана адабияты» багыты боюнча окуучу биринчи орунду ээлдеген.












