Дүйнөлүк биржаларда мунай баасы ар кандай багытта өзгөрдү. Бул тууралуу Азертадж маалымат агенттиги билдирди.

Лондон биржасында (ICE — InterContinental Exchange Futures) Brent маркасындагы мунайдын баасы 0,07 долларга кымбаттап, баррели 103,7 долларды түздү.

Ал эми Нью-Йорк биржасында (NYMEX — New York Mercantile Exchange) Light маркасындагы мунайдын баррели 0,07 долларга арзандап, 96,02 долларга бааланды.