16-ноябрь күнү түшкөн алгачкы кар Ак-Суй районунун ички жолдорунда кыймылдын кыйындашына себеп болду. Кар катмарынын калыңдыгы айрым жерлерде 15 сантиметрден 35 сантиметрге чейин жеткендиктен, жолдорду тазалоо боюнча иштер жүрүп жатат.
Жыргалан айылында 35 сантиметр кар жаап, «Ала-Тоо Резорт» курортуна баруу жолу кыйындаган. Учурда жолдор толугу менен ачык. Биздин техника кышка толук даяр болгондуктан, кыймылдын бузулушуна жол бербөө үчүн түндүк бою иштедик.
№11 жол эксплуатациялоо ишканасынын жетекчиси Кенжебек Абдыкадыровдун билдирүүсүнө караганда, жолдорду кардан тазалоо жана кар үчүн атайын материалдарды чачуу иштери жүрүп жатат.











