Кыргызстандын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын тогуз өкүлү мамлекеттик делегациянын курамында Италиянын Болонья шаарында 10–14-ноябрь күндөрү өткөн EIMA International 2026 дүйнөлүк жарманкесине катышты. Иш-чара Италиянын агротехника өндүрүүчүлөрүнүн FederUnacoma ассоциациясынын чакыруусу менен уюштурулган.
Жарманкенин ачылышында Кыргызстандын элчиси Эрмек Омуралиев Италиянын айыл чарба министри Франческо Лоллобриджида менен жолугушту. Ошондой эле ал сырткы соода боюнча ICE агенттигинин жана FederUnacoma ассоциациясынын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Кезектеги маанилүү темалар айыл чарбасын механикалаштыруу, заманбап агротехнологияларды киргизүү жана Италиянын интенсивдүү бакчачылык тажрыйбасын колдонуу болду.
Делегациянын ишмердүүлүгү конкреттүү натыйжаларды берди. Кыргызстандык ишкерлер бакчачылык үчүн керектүү техникаларды жана жабдууларды сатып алуу боюнча эки келишимге кол коюшту.
Мындан тышкары, бир нече италиялык компаниялар Кыргызстандын рыногуна кызыгуусун билдирип, жакынкы арада өлкөбүзгө келип, жергиликтүү агропредприятиелерди көрүү жана жаңы биргелешкен долбоорлорду талкуулоо пландалууда.










