Түркиянын Pasifik Teknoloji компаниясы Пакистандын мамлекеттик NRTC коргоо-технологиялык корпорациясы менен үч жылдык келишимге кол койду. Бул макулдашма боюнча Пакистан Түркиядан 100 миң MERKÜT FPV-камикадзе дрондорун сатып алат.
Келишимдин шартында дрондордон сырткары башка армиялык техникалардын жеткирилиши да каралган. Анын ичинде учкучсуз тик учактар, тактикалык дрондор жана жердеги автоматтык системалар бар.
Жеткирилүүчү техникалардын саны
Макулдашуунун өзгөчөлүгү — бул жөн гана экспорт эмес, ошондой эле Түркиялык дрондук системаларды Пакистанда чогултуу жана өндүрүү иштерин уюштуруу болуп саналат.







