Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында жаңы курулуш долбоорлору тууралуу маалымат берилди. Министрлер Кабинети 2027-жылдан баштап 42 оорукана жана 107 мектеп курууну пландап жатат. Бул иштерди ишке ашырууда жеке инвесторлор менен кызматташуу каралган.
Саламаттыкты сактоо министри Дамирбек Осмоновдун билдирүүсүнө караганда, медициналык объекттер эки этаптуу текшерүүдөн өткөн. Алгач жетекчилердин сөзү жана сүрөттөр аркылуу, андан кийин эксперттердин жардамы менен текшерүү жүргүзүлгөн. Натыйжада 270 объект каралып, алардын 42си келерки жылында курулуш иштерине киргизилет.
Пландалган жана текшерилген объекттер
Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев инвесторлорду тартуунун максатын түшүндүрүп берди. Анын айтымында, курулуш иштерин тез бүтүрүү үчүн жеке капиталды колдонуу маанилүү.
Мындай ыкма мамлекеттик бюджетке түшө турган күчтүү жүктү азайтууга мүмкүндүк берет.










