Нарын облусунун Ак-Сай өрөөнүндө чет элдик жарандын архар-кулжаны аңчылык кылуусу колдонуудагы мыйзамдардын алкагында жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги социалдык тармактарда тараган видеожазууну изилдеп чыккандан кийин билдирди.
Ведомствонун маалыматы боюнча, архар-кулжа Кыргызстандын Кызыл китебине киргендиктен, аны аңчылык кылуу үчүн атайын талаптарды сактоо зарыл. Ал эми аңчылык кылуу үчүн белгиленген шарттардын ичине жаныбардын жашы жана белгиленген квоталар кирет.
Текшерүү учурунда видеодо көрүнгөн жаныбардын жашы белгиленген талаптарга жооп бергендиги аныкталды. Ошондой эле аңчылык Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясы менен макулдашуунун негизинде жана белгиленген квотанын чегинде жүргүзүлгөн.
Архар-кулжаны аңчылык кылуу боюнча маалымат
Министрлик Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген Аңчылык эрежелерине таянып, 2026-жылы аңчылык сезону август айынын үчүнчү шаршам күндөн декабрь айынын экинчи жекшембисине чейин белгиленгенин эскертти.








