Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердүүлүктү өнүктүрүү жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Нурбек Сыдыгалиев президенттин облустардагы өкүлдөрүнүн кереги жок экенин билдирди. Анын айтымында, губернаторлорду алып салуу керек, алардын ишин райондук акимдер түздөн-түз жүргүзө алышат.
Депутат губернаторлор институту боюнча Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин пикирин сурап, бул кызматтарга бюджеттен канча каражат жумшалып жатканын тактады.
Азыр мен сизге так айта албайм. Бирок экинчи этаптын алкагында бул маселе каралат.
1 139 000 000 сом
2026-жыл үчүн такталган бюджетке ветерандардын кеңештерин жана чарбалык бөлүктөрдү эсепке алуу менен киргизилген сумма.
Финансы министри Руслан Суйналиев 2026-жылга карата такталган бюджеттин көлөмүн белгилеп берди.
Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев административдик-аймактык реформанын биринчи этабы аяктаганын эскертип, экинчи этапка өтүү зарылдыгын айтты. Ал губернаторлордун кызматы боюнча так жооп бере албай турганын, бирок бул маселе реформанын экинчи этабынын алкагында карала турганын белгиледи.














