Айыл чарба министрлиги агроөнөр жай комплексин кластердик өнүктүрүү концепциясынын долбоорун коомдук талкууга чыгарып, анда 2026–2036-жылдар аралыгында 1100 республикалык маанидеги агрокластер жана 310 регионалдык кластердик бирикме түзүүнү сунуштаган. Бул демилгелер Министрлерлер Кабинетинин токтомдук долбооруна киргизилген.
Долбоордун максаты — фермерлерди, кайра иштетүүчүлөрдү, жеткирүүчүлөрдү жана сатуу уюмдарын бирдиктүү өндүрүш-сатуу чынжырына бириктирүү. Бул аркылуу өлкөдөгү чийки затты иштетүү деңгээлин жогорулатуу жана иштетилбеген продукцияны чет өлкөгө сатууну азайтуу каралган.
Учурда өлкөдө 18 агроөнөр жай кластери иштеп жатат. Алар дан, картошка, сүт продукциялары, эт, жумуртка, кант, жашылча-жемиш, өсүмдүк майы, пашмак, жүгөрү, пахта, жаңгак, жүзүм, балык, бал, жүн жана тери сыяктуу тармактарды камтыйт. Ошондой эле лизингдик кластер да тизмеде бар.
Министрлик боюнча, 2036-жылга карата кластерлердин продукциясын экспорттоо 60,5 млрд сомду түзөт деп болжолдонууда. Бул көрсөткүч айыл чарбасынын жалпы продукциясынын 10 пайызын түзөт.
Өнүктүрүүдөгү тоскоолдуктар катары министрлик майда чарбалардын чачыраңдыгын, инвестициялардын жетишсиздигин жана материалдык-техникалык базанын алсыздыгын белгилеп кетишет.







