Суур ресурстар, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, өлкөдө айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадамдар жасалды. Анын ичинде мал чарбасын өнүктүрүү жана фермерлерге жеңилдетилген кредиттерди берүү боюнча долбоорлор ишке ашырылууда.

Мал чарбасындагы өсүш

Малдын тукумун сактоо жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында 3% үнөмдүү чен менен кредит берүү долбоору башталган. Бул иштердин натыйжасында тукум мал чарбаларынын саны 2025-жылдагы 186ден 232ге чейин өстү.

Өндүрүштүн өсүш көрсөткүчтөрү

148,7 млнжумуртка (бүтүк)
12,6 миңэт (тонна)
34,8 миңсүт (тонна)
64,4жүн (тонна)

Финансылык колдоо жана кредиттер

2025-жылы 180 фермерге жалпы суммасы 584 миллион 139 миң сом өлчөмүндө кредит берилген. Ал эми 2026-жылы каралган токтомго өзгөртүүлөрдү киргизүү менен, 30-октябрга карата 238 субъектке 1 миллиард 125,8 миллион сом каржыландырылган. Каражаттардын өздөштүрүлүү деңгээли 91,3% түзөт.

7 млрд сом 2027-жылга пландалган

Мал чарбасын жеңилдетилген кредиттер менен камсыздоону кеңейтүү үчүн 2027-жылы 7 миллиард сом бөлүүнү пландаштырууда.

Мындан тышкары, 2022-жылы агроөнөр жай комплексин кредиттөө программасы ишке кирген. Бул программа боюнча жылдык пайыздык чен 6% түзөт. 2022-жылдан баштап 2026-жылдын 6-ноябрына чейин жалпысынан 11 783 фермер колдоого алынган.