Министрлер Кабинетинин Пресс-кызматынын маалыматы боюнча, Адылбек Касымалиев мамлекеттик органдардын жетекчилери менен ГСМ рынын камсыздоо жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу маселелерин талкуулады. Өткөн тапшырмалардын аткарылышы, өнөр жай субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана субсидияларды берүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Учурдагы абалга караганда, нефтетрейдерлердин запастарында, «Джунда» ЖЧКсынын жана «Кыргызнефтегаз» ААКтын складдарында, ошондой эле транспортировка жүрүп жаткан күйүүчү майлардын көлөмү жылдын аягына чейин жетиштүү деп белгиленди.

Мамлекеттик колдоо жана модернизация

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча, Министрлер Кабинетинин төрагасы тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар маанилүү тапшырмаларды берди. Алардын ичинде ГСМ бааларындагы айырманы субсидиялоону улантуу, тармактагы мамлекеттик колдоо механизмдерин кайра карап чыгуу жана ички рынокту бензин менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу камтылган.

Ошондой эле өлкөдөгү мунай кайра иштетүү заводдорун модернизациялоо, экспорт жана импорт маселелерин иштеп чыгуу боюнча тапшырмалар берилди.

Өлкөнүн жылдык мунай продукциясына болгон болжолдуу муктаждыгы

1,4млн тонна
1,85млн тонна