Социалдык тармактарда жарандар Бишкектеги унаалардын туура эмес токтотулушуна карата тартип орнотууну талап кылып жатышат. Шаардыктардын айтымында, айдоочулар автоунааларын жол боюндагы тыюу салынган жерлерге гана эмес, түз эле газондорго, кесилиштерге жана коомдук транспорттун токтоочу жайларына калтырып коюшат. Мындай учурда айдоочулар эң көп дегенде авариялык сигналдарды күйгүзүп коюу менен чектелип калышат.
Тургундар бул аракеттер жөн гана эреже бузуу эмес, адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна түз коркунуч келтирет деп баса белгилешет. Унаалардын туура эмес токтотулушунан кесилиштерде көрүү мүмкүнчүлүгү начарлап, жөө жүрүүчүлөр жолдун ортосунан айланып өтүүгө мажбур болушат, ал эми автобустар токтоочу жайларга кадимки тартипте жакынаша алышпайт.
Бишкек мэриясы бул маселе боюнча мурда эле көзөмөлдү күчөтүүгө аракет кылган. Алсак, 1-августтан тартып шаарда эреже бузган унааларды эвакуациялоо иштери башталган.
Октябрь айында мэрия эвакуациялоо үчүн эреже бузуулардын тизмесин кеңейтүүнү сунуштаган, ал эми ноябрь айында муниципалдык унаа токтотуу жайларында фото жана видеофиксациялоо тести ишке кирген.











