Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Адылбек Касымалиев нефтепродуктылар менен ички рыногун камсыздоо маселелери боюнча жумушчу кеңешмени өткөрдү. Иш-чарада күйүүчү май жана майлоочу материалдардын абалы, ошондой эле өлкөгө жеткирүүлөрдүн жана керектелүүчү запастарды түзүүнүн актуалдуу маселелери каралды.
Кеңешменин жыйынтыгында өкмөттүк тиешелүү органдар менен ишканаларга өлкөнүн мунай продуктылары менен үзгүлтүксүз камсыздалышын камсыздоо, абалды мониторинг кылууну күчөтүү жана зарыл чараларды өз убагында кабыл алуу боюнча бир катар тапшырмалар берилди.















