Ташкент шаарында өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттердин саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыгы боюнча кеңешинин XXXIX жыйынынын алкагында эки мамлекеттин өкүлдөрү жолугушту. Жолугушууда Кыргызстан менен Беларусьнын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Беларусь Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Борис Андрасюк менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Негизги басым энелердин жана балдардын саламаттыгын камсыз кылууга бурулду.

Минздравдын маалыматы боюнча, тараптар Беларусьнын бул тармактагы тажрыйбасын үйрөнүүнү максат кылып коюшту. Анын ичинде төмөнкү багыттар каралган:

  • энелердин өлүмүн азайтуу
  • акушердик-гинекологиялык жардамды жакшыртуу
  • пренаталдык диагностиканы өнүктүрүү