2026-жылдын 27-ноябрында борбор шаарда «Манас» эпосу жана дүйнө элдеринин эпостук мурасы: салт, поэтика, типология жана руханий иденттүүлүк» деген темада эл аралык илимий конгресс өткөрүлдү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы адабият институту уюштурду. Конгресстин негизги максаты — «Манас» эпосун жана башка элдердин эпостук мурасын изилдөөнүн заманбап ыкмаларын талкуулоо, ошондой эле эпостук салттарды салыштырмалуу талдоо болуп саналат.

Конгресстерге Кыргызстандын, Түркиянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Башкортостандын, Каракалпакстандын жана башка өлкөлөрдүн окумуштуулары, фольклористтери, манас таануучулары, түрктекчилери жана адабият таануучулары катышты.

Иш-чаранын ардактуу коноктору катары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева, илим, жогорку билим жана инновациялар министри Гулзат Исаматова, агартуу министри Догдуркул Кендирбаева, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин орун басары Аскаралы Мадаминов, Улуттук илимдер академиясынын президенти Бекмамат Женбаев, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев жана Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев катышты.

Чет өлкөлүк катышуучулардын катарында Казакстандын Улуттук илимдер академиясынын академиги Шакир Ибраев, Түркиянын Эгей университетинин профессору Метин Экичи жана Россия Федерациялык илимдер академиясынын Уфа федералдык изилдөө борборунун директору Зугура Рахманы бар.