Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо боюнча кезектеги кеңешмени өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер Кабинети билдирди.
Кеңешме учурунда мамлекеттик органдардын жетекчилеринин докладдары угулуп, экономикалык коопсуздукту камсыздоо жана калкты үзгүлтүксүз ГСМ менен камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Учурдагы абалга ылайык, нефтетрейдерлердин, «Джунда» ЖЧКсынын жана «Кыргызнефтегаз» ААКнын складдарындагы бензин менен дизель майынын запастары, ошондой эле транспортировка иштеп жаткан жүктөр жылдын аягына чейин жетиштүү экени белгиленди.
Өлкөнүн жылдык муктаждыгы
Адылбек Касымалиев тиешелүү мамлекеттик органдарга тармакты колдоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Анын ичинде баалардын айырмасын субсидиялоону улантуу, мамлекеттик колдоонун механизмдерин кайра карап чыгуу жана мунай иштетүүчү заводдорду модернизациялоо маселелерин иштеп чыгуу тапшырылды.










