Бүгүн, 28-октябрда, «Ачык кабинет» долбоорунун алкагында Маданият жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев журналисттерди кабыл алып, өзүнүн жумуш күнүнүн кандай өтөрүн көрсөттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө жетекчи менен басма сөз өкүлдөрүнүн жолугушуусу, ошондой эле агенттиктин ишмердүүлүгү менен таанышуу уюштурулду. Кабар агенттигинин фотографы жолугушуунун эң жаркын учурларын тартып алды.

«Ачык кабинет» долбоору мамлекеттик органдардын ишин ачык-айкын көрсөтүүгө багытталган. Бул ирет спорт тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мекеменин жетекчисинин күнүмдүк иши баяндалды.