10-ноябрда Жогорку Кенештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети ЕАЭБдин алкагында банктык жана камсыздандыруу тармактары үчүн стандартташтырылган лицензия тууралуу макулдашуу долбоорун биринчи окууда макулдашты. Бул чечим бирдиктүү финансылык рынокту түзүүгө жана мүчө мамлекеттердин рынокторуна жеткиликтүүлүктү жогорулатууга кызмат кылат.
Ошону менен бирге, комитет талкуусуз эле эркин экономикалык зоналар боюнча айрым мыйзамдардын күчүн жоготкондугун таануу жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Бул өзгөртүүлөр техникалык мүнөздө экени белгиленди.






