Материалдар: 53
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев китеп чыгаруу тармагын өнүктүрүү боюнча 2030-жылга чейинки программаны даярдап жатканын билдирди. Ошондой эле руханий продукциянын сапатына көзөмөл иштери жүргүзүлүүдө.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев маданият системасын кадр менен камсыздоону жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Жаңы музыкалык инструменттер сатып алуу жана окутууну жакшыртуу боюнча бир катар чаралар көрүлүп жатат.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү алкагында Кырчын жайлоосундагы этногородокто 350дөн ашык адам ар кандай иштерге катышууда. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин аппараттык жыйынында бул тууралуу маалымдалды.
16-19-июль күндөрү Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Жаштар кеңешинин XIX жыйыны менен туризмди өнүктүрүү боюнча III жаштар форуму биргелешип өткөрүлөт. Бул ири окуя Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгына туура келип, уюм мүчөлөрүнүн жаштарынын ортосунда достук жана ишенимди бекемдөөгө, жаштар туризмин мындан ары өнүктүрүүгө багытталат.
Бишкектеги министрликте министрлер аралык жумушчу топтун жыйынында металлоиздөөчүлөрдү жана радарларды колдонуу чектөөлөрү талкууланды. Бул чаралар тарыхый жана маданий мурасты коргоо максатында кабыл алынышы күтүлүүдө.