Бишкекте 16-19-июль күндөрү ШКУнун Жаштар кеңешинин он тогузунчу сессиясы менен туризмди өнүктүрүү боюнча үчүнчү жаштар форуму өтөт. Бул ири иш-чаралар Кыргызстандын уюмдагы төрагалык мөөнөтүнө туура келет.
Иш-чаралардын максаты — ШКУга мүчө өлкөлөрдүн жаштарынын ортосундагы достукту жана ишенимди бекемдөө, жаштар туризмин жогорулатуу, маданий байланыштарды чыңдоо, ошондой эле туризм тармагындагы инновациялык демилгелерди жана биргелешкен долбоорлорду талкуулоо.
Форумга министрлер кабинетинин жетекчилиги, Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө мамлекеттеринин расмий делегациялары, жаштар уюмдарынын, туристтик индустриянын, бизнес чыккан жана жарандык сектордун өкүлдөрү катышышат.
Иш-чаралардын жыйынтыгында ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларына жолдончу расмий кайрылуу кабыл алынат.









