Кырчын джайлоосундагы этногородокто дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык кызуу жүрүүдө. 350дөн көбүрөөк адам ар түрдүү тапшырмаларды аткарып, курулуш жана уюштуруу иштерин алып барышууда.

Бир нече бригада металл конструкцияларын орнотуу, башкы боз үй тигилчү жайга бетон куюу, электр энергиясын өткөрүү, суу түтүктөрүн жана канализация системасын салуу боюнча иштеп жатат. Ошондой эле тазалоочу курулмалар курулуп, 100дөн ашык даараткана, анын ичинен майып адамдар үчүн атайын шарттар каралып жатат.

Кошумча учурда бир бригада ширетүүчүлөр Бишкекте эмгектенүүдө. Жаңы сахна жана трибуналар орнотуу пландалып, этногородоктун курулушун министрдин орун басары өз көзөмөлүнө алды. Ал күн сайын аймакта болуп, жумуштардын жүрүшүнө жетектөө кылууда.

Оюндарга даярдык кызуу жүрүүдө. Кырчындагы этношаарчанын курулушу боюнча өзүмдүн орун басарымды атайын жооптуу кылып дайындадым. Ал күнү-түнү ошол жерде нөөмөттө турат. Боз үйдө жашайт, кээде гана жуунуп алуу үчүн төмөн түшүп турат.
Маданият министри Мирбек Мамбеталиев

Оюндун ачылышы жана жабылышы Бишкектеги спорттук аренада өтүп, мелдештер Чолпон-Атада уюштурулат. Билеттердин сатылышы уюштуруучулардын макулдугу менен башталарын министр белгиледи, бирок баалары азырынча белгилүү эмес.